Жаңылыктар
Конституциянын 30 жылдыгы белгиленди
Кыргызстан жаңылыктары
Конституциянын 30 жылдыгы белгиленди

Кыргызстандын ар бир жараны Конституциянын дем-күчүн терең түшүнүп, маанисин жакшы билүүгө тийиш! Бул тууралуу Президент Садыр Жапаров Баш мыйзамдын 30 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чарада сүйлөп жатып билдирди. “Биз Конституцияны урматтап, ченемдерин сактап, анын маңызын аңдап-билгенде гана өз өлкөбүздү, Ата Мекенибизди, Кыргызстан элинин баалуулуктарын аздектеп сыйлайбыз” деди Мамлекет башчысы.