Жаңылыктар
Экс-премьер-министрлер Кырдаалдык борбордо
Кыргызстан жаңылыктары
Экс-премьер-министрлер Кырдаалдык борбордо

Конституциянын 30 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чара аяктагандан кийин Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров буга чейин аткаруу бутагын жетектеген экс-премьер-министрлерди Кырдаалдык борбордун иши менен таанышууга чакырды. 

Борбордун ишке кириши менен мамлекеттик жана жергиликтүү бийлик органдарынын электрондук инфраструктурасына кирген тутумдардын, ошондой эле өлкөдөгү ири өнөр жай ишканалардын, социалдык объектилердин курулушун, мамлекеттик чек ара жана өткөрүү пункттары аркылуу товарлардын кыймылын реалдуу убакыт режиминде көзөмөлдөө мүмкүнчүлүгү пайда болгонун көрсөттү. 

Акылбек Жапаров жүргүзүлүп жаткан реформалар, Министрлер Кабинетинин жакынкы келечектеги максаттары жана милдеттери тууралуу айтып берди. Жолугушууга Апаз Жумагулов, Азимбек Исабеков, Жоомарт Оторбаев, Кубатбек Боронов, Турсунбек Чынгышев катышты. 

Белгилей кетсек, мындай жолугушуунун негизги максаты - өлкөнүн өнүгүүсү жана бакубаттыгы үчүн күчтөрдү бириктирүү болуп саналат.