Жаңылыктар
Басма сөзгө баяндама: бийлик Өмүрбектерди алмаштырды
Саясат
Басма сөзгө баяндама: бийлик Өмүрбектерди алмаштырды

Политклиника: бүгүн Бабанов коалицияга кирбейт деген теманын алдында жарык көрдү. Бул темага салынган сереп Коалициянын кулашы, депутаттык мандат күткөн Икрам Илмиянов менен Рысалиев деген аталышта уланат. Макаладан оппозиция-пропозиция болуп калган коалициянын кулашынын себеби, кийинки курам кандай болору мындан улам саясат кайра курчуйбу же жокпу деген жагдайларды окуй аласыз. Ошондой эле бүгүнкү сан “Учкунду” гүлдөтүп аткан Нусувалиевге каршылар чыкты дегенди, Өзбекстандын өкмөттүк делегациясы Ошко келгенин, жаңы көмөттүн курамында Элвира Сариева болбосун, Бабанов коалицияга кирбей калыш ыктымалдыгын, парламентте Төрөбаев таарынычын төккөнүн жана эң ынтымактуулар Өнүгүү Прогресстеби дегенди жазды. Референдум өтүп, конституциялык өзгөртүүлөр киргизилгенден  кийин ЖКтин азыркы чакырылышы таркашы мүмкүн деген прогноздор айтыла баштады деген Политклиника Парламент таркасынбы деген суроону узатып  калк арасындагы пикирлерди чогултту. Азыркыларга канааттанган жокпуз, азыр алар интрига жүргүзүп жатышат, элдин камын ойлобойт деп сатуучу Болот Жаркынбаев жооп берсе, ишкер Шекербек Тилекеев Тараш керек, тарабаса Кыргызстанды өтө оор жагдайга алып келет, өзүнүн бизнестерин гана коргогондор отурат десе, ага окутуучу Гүлжан Бурусманова алардын тарабагын жакшы. Укмуш иштеп кетишкен жок, бирок стабилдүү жашоо болушу үчүн өз мөөнөтүн аягына чыгарыш керек деп жооп берген. Ушул сыяктуу теңме- тең маанидеги дагы жооптор арбын кызыксаңыз окуп алыңыз.

Саясаттан маектер ЖКтин депутаты Каныбек Иманалиевден Бул Конституция жазында чоң чырдын башы болушу мүмкүн деген жана Кыргызстан фракциясынын лидери Канатбек Исаевден КСДПсыз коалиция түзүү мүмкүн эмес деген аталышта алынды.

Андан ары академик Сабыр Жумабековдун өткөргөн бир күнүнөн тааныштырат. Ортопед врачтын эртең менен 8 де жумушка келген убактысынан баштап, кечки саат 10го чейинки өткөргөн иш күнүнө ортоктош болосуз. Политклиника кыргызфильмдин 75 жылдыгына карата Элдин эсинде “Ак Кемедеги Нургазы боюнча калгым келет деген Нургазы Сыдыгалиевдин маегин сунуш кылат. Нургазы Сыдыгалиев Ак Кемеге тартылганда алты жашта болсо,  азыр кырк тогуз жашта. Бишкектеги жаңы конуштардын биринде бюджеттик кызматкердин айлыгына он жыл ичинде чакан там салып,жашап жатат. Байрагүл атуу жары, Жанара аттуу кызы, Адилет, Жоомарт, Байтилек атуу уулдары бар. Коргоо министрлигинин оркестринде музыкант болуп иштеп, пенсияга чыккан, бирок музыкалык окуу жайда сабак берип, Улуттук Гвардияда музыкант болуп иштеп, чыгармачылык менен иштеп келет Жубайынын айтуусунда бала чагынан айырмаланып, азыр Нургазы уяң жана токтоо. Кара жумушка да кыйын, эмгекчил, үй- бүлөсүнө камкор деп маалымдайт бүгүнкү Политклиника маегинин башында.   

Мадумаров молдо, Малиев теңирчи, Кулов баптист болсо?.. үчөө кантип бирикти? деген теманын алдында жарык көргөн Азия Ньюсту карайлы. Бул аталышты гезиттин кийинки бетиндеги ириген идея деген бурчунан окуп аласыз.   Ушундай теманы койгон Азия Ньюс алгачкы бетине парламент тараса кайра шайлоодо Ата Мекен, Өнүгүү Бир Бол өтпөй калат деген божомолун жазды. Гезиттин бул божомолунан бийлик үчүн шайлоо өткөрүү оңой, каражат табылат. Парламентке келүүнүн 10 пайыздык жаңы барьеринен КСДП, РАЖ жана Кыргызстан өтөөрү күтүлүүдө. Ошентип Конституциянын өзгөрүшү менен жаш саясий элита түзүлөт. 2017-жылдын февралында парламенттик, күзүндө президенттик шайлоолор өтүп, жаңы доор башталат дегенин окуй аласыз. Коомдук кырдаалга Марс мырза дайыма калыс, алдын көрө билгендей божомол кылат. Эч бир саясий күчтөргө тартпастан болгонун болгондой айтат. Ынанымдуу ой жүгүртөт деген Азия Ньюс өлкөдөгү болуп аткан саясий кубулуштарга пикирин сурап көргөн. Андыктан саясий серепчи Марс Сариевдин Атамбаевдин кайсы бир жакка качуусуна негиз жок деген аталышта маегин сунуштады. Көз жүгүртүп алыңыз. Төө буурчакты дүйнөнүн 40 мамлекетине экспорттой баштадык деп бүгүнкү санга өкмөттүн Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Дайыр Кенекеев маек курган. Саясатты көп жазган Азия Ньюста бир Өмүрбек оозуна ээ боло албай балээге кабылса, экинчи Өмүрбектин багы жанып, кагандын колтугуна дагы бир сөөм жакындады. Мурда Бабановду аттан жыкса, эми Текебаев өзү ээрден шыпырылып болсо да кызмат кылгансыды деген Сабыр Муканбетовдун Талак деген макаласы да жарык көргөн.Көлөмдүү маектер  бар.  Ата Мекен фракциясынын башчысы Өмүрбек Текебаевден Роза Отунбаева Конституциянын гаранты болду деген аталышта жана профессор Жолборс Жоробековдон Мураталы ажыны катуу уруп, Байтиктин үстү жагына таштап кетишкен деген аталышта алынды. Бул маекте ажынын айылдашы болгон Жоробеков ажынын өлүмүнө Абдулла Юсуповдун тишеси бар экенин жана ал кандай адам болгонун айтып берген. Дагы бир көлөмдүү маекти британдыктар Назира Мамбетованы 15 мүнөттөй сахнадан кетирбей “Браво” деп кыйкырып турушту деген аталышта  Султан Раев тартуулады. Окуп коюңуз.

Банябызды Де-Факто менен улайлы.  Бүгүн Де-факто Бийлик Өмүрбектерди алмаштырды деген ат менен жарык көрдү. Жаңы коалицияга кимдер кирет дегенди  бул гезит да жазды. Аркы жана берки жээк рубрикасы ЖКтин КСДПфракциясынын лидери Иса Өмуркуловдун Жыл сайын өкмөттү алмаштырып атып мөрөй деле алган жокпуз деген аталышта жана   экинчи жагына биз соодалашпаган реалдуу оппозициябыз деген Ата Мекен фракциясынын депутаты Алмамбет Шыкмаматовдун маектерин басты. Саясаттагы майда кептер Шамал согот шаар жактан, гүбүрнатырлар көрүнбөйт да ыя, Батыралиев медицинаны “баткакка” батырды, качан кетет, жол минситри жүдөп калды, кокуй кетиргиле, Тиллаев Сариев туралуу акыйкат сөзүн жар салды, Чотоновдон айрылса, чолок болуп калбайбы, Жунушалиев жумушунан айдалабы, Ибраимов ийнеликтин кейпин кийгенде,энергохолдингди Даминов ээлеши мүмкүн  деген аталышта алгачкы бетинде тизилди. Бул санга сырттан сын тагуу оңой деген аталышта Улуттук энергохолдингддин жетекчиси Айбек Калиев маек курган. Көчө турмуштан да репортаж бар. Ал селсаяктарга өлүм маалы келатат деген аталышта жарык көргөн көз жүгүртүп өтүңүз.  

Таалайкүл Сыдыкбекова. "Биринчи радио".