Жаңылыктар
Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери батирге муктаж
Кыргызстан жаңылыктары
Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери батирге муктаж

Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери жылуу батирге муктаж. 

Суусамыр өрөөнүнүн Кайсар айылынын тургуну Кошкоро Жаманкулов быйыл 100 жашка чыкты. Ден соолугу барган сайын начарлап, мамлекеттен алган көмөк пулдары дарыдан ашпайт. Качандыр бир убакта өлкөнүн азыркы жыргалчылыгы үчүн жанын аябаган карыя эми өлкө камкордугуна муктаж. 

Карыя 1942-жылы болгону 17 жашында өз ыктыяры менен согуш майданына аттанган. 234-аткычтар полкундагы миномётчу Ленинград, 3-Белорусь фронтторунда салгылашууга катышкан. 

Көрсөткөн эрдиктери үчүн “Улуу Ата Мекендик согуштун” I, II даражадагы ордендери, “Эмгектеги каармандыгы”, “Жуков” жана юбилейлик медалдар менен сыйланган. 

Согуштан кийин Жаманкулов, Суусамыр өрөөнүнүн Тунук жана 1-Май орто мектептеринде дене тарбия мугалими, кийинчерээк Кайсар айылындагы Ленин колхозунда жумушчу болуп иштеген. 

Ардагер согушка аттанып жатканда, кадимки Кааба уулу Кожомкул балбан батасын бергенин уул-кыздары эскерет.