Жакында эле Жол кайгуул кызматкерин капотуна илип сүйрөгөн айдоочу кармалып, ал 22 жаштагы Адилет Максүтов экени такталды. Кармалган айдоочу чоочуп кетип унаасын айдаганын жана бул ишке өкүнүп жатканын билдирүүдө. Ал бул кылмышы үчүн 10 жылдан 15 жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүндүгү белгиленет.
Бир жагынан караганда күлкүнүчтүү болгону менен аягы абдан өкүнүчтүү болуп саналат. Себеби азыр айдоочу кылган кылыгына өкүнүп жаткан чагы.Ал бул кылыгы менен 10 же 15 жылга чейин эркинен ажырап калышы толук ыктымал. 22 жаштагы айдоочу Адилет Максүтов авто унаасына Жол кайгуул кызматкерин жармаштырып алып, Чүй көчөсү менен бир чакырымдай жолду айдап өткөн. Жол кайгуулчу аман-эсен, азыр ал ооруканага жаткырылган. Ал эми кармалган айдоочуга карата тийиштүү чаралар көрүлөрүн Республикалык Жол кайгуул кызматынын маалымат катчысы Тилек Оторов билдирди.
Учурда бул иш боюнча Кылмыш жаза кодексинин 340-беренеси жана 28-беренеси менен кылмыш иши козголду. Ал эми кармалган айдоочу Адилет Максүтов кылган ишине өкүнүп жатканын жана ал чоочуп кетип, унаасын айдаганын билдирген.
Мындай мазактоолор өлкөдө алгачкы ирет катталып жаткан жери жок. Буга чейин дагы унаанын үстүндө аргасыздан жүргүнчү болгон формачандар коомчулукка кеңири белгилүү.Кептин баары тиешелүү жаза берилбегенде жатат-дешет адистер. Бишкек шаардык Жол кайгуул кызматынын ага тескөөчүсү Жээнбек Болшивиковдун айтымында күнүмдүк иш-тажрыйбада мындай окуялар көп эле кездешет.
Ал арада азыркы Жол кайгуул кызматкерлери өз милдеттерин жана башкы эрежелерди так билишбейт –дегендер дагы жок эмес. Мурда кызматкерлерди аябай бышырып, жөндөмдүүлүгү дагы дыкак текшерилип келгенин аскердик даярдыкты башынан өткөргөндөр айтып жүрүшөт. Коомчулукта мындай пикирлердин жаралуусу жөндүү экенин кошумчалаган Жээнбек Болшивиков, бул кызматка адистер көпкө кармалбарын айтат. Себеби кышкысын суукта, жайкысын күндүн ысыгында тынымсыз иштөөгө туура келет.
Интернет баракчаларда укук коргоо органдарына каяша айтып, жаалданган видеолор арбын. Аркасында колдоочулары барлар, өздөрүн мыйзамдан дагы жогору сезишет. Бирок ошол эле маалда жарандардын кыжырына тийип, этикага жатпаган жүрүм-туруму, орой мамиле жасагандар тартип сакчыларына болгон ишенимди кетирип келет. Андыктан талдоочулар мындай окуяларга жарандар менен тартип сакчылары бирдей күнөөлү экенин белгилешет. Алардын баамында бири мыйзамды сыйлабаса, экинчиги өз адистигин толук биле беришпейт.