Жаңылыктар
Кызыл китепке жеткендер жана күткөндөр
Туризм
Кызыл китепке жеткендер жана күткөндөр

Кыргызстанда жер маселесин чечүү ордунан жылбай, тескерисинче чырмалышып, ортодо пайда болгон мафиялар кирешеге маарып, карапайым элдин үнү эч кимге жетпей, аймактагы жетекчилер болсо кескин чараларга барбай жүрө берип абал чыңалып кеткени ачыкка чыкканына эки айдан ашып калды. Уйү түрттүрүлгөн 4 балалуу келиндин окуясы коомчулукка дүң болбогондо, балким жер көйгөйу дагы деле көмүскөдө кала бермек окшойт. Президент кийилигишип, аймактагы жетекчилер кызматтан алынып, тоскоолдук жараткан жоболор өзгөртүлүп 4-5 күн ичинде бул иштерге жан киргендей эле болду.