Жаңылыктар
Жеңилдетилген насыя калыс берилүүдө
Кыргызстан жаңылыктары
Жеңилдетилген насыя калыс берилүүдө

Алыскы Баткендин Кадамжай шаарынын тургуну Тазагүл Кадырова бир нече жылдан бери жууркан, төшөк тигип сатат. Бизнеси киреше алып келет, бирок чыгымдар да аз эмес. 

Адегенде өзү тигип баштаса бара-бара чакан цех ачып, акырындык менен тикмечи айымдарды жумушка алган. Бизнеси кеңейип, тигүүчү машиналарды, жабдууларды алып, эркектерди да жумушка тарткан. 

Азыр колунда 20 адамдай иштейт. Цехте даярдалган кызга сепке керек болгон жууркан, төшөк, жаздыкчалар Баткенде гана эмес, алыскы аймактарга чейин белгилүү.