Жаңылыктар
Өлкөнүн баш мыйзамына 30 жыл
Кыргызстан жаңылыктары
Өлкөнүн баш мыйзамына 30 жыл

Өлкөнүн эгемендигин, анын аймактык бүтүндүгүн, адам, анын өмүрүн, укуктарынын жана эркиндиктеринин үстөмдүгүн, демократиянын принциптерин бекемдеген башкы документ - Конституцияга 30 жыл толду. 

Бул убакыт аралыгында Баш мыйзам бирде ташыркап, бирде такшалып отуруп, бир далай тарыхый этаптарды басып өттү. Ага учкай кайрылсак, Кыргызстанда эң алгачкы Конституция 1929-жылы Бүткүл кыргыз советтеринин II съездинде кабыл алынган. Андан кийин да негизги документ бир нече жолу өзгөртүлгөн.

Бирок, өлкө 1991-жылы толук Эгемен болуп, өзүнүн жолу, багыты менен өнүгүү кадамын таштаганда жаңы реалдуулуктардын фонунда конституциялык трансформациялардын доору башталды десек да болот. 1993-жылы 5 -майда Көз карандысыз Кыргызстандын Башкы документи легендарлуу парламент катары тарыхта калган Жогорку Советтин 12-чакырылышы тарабынан кабыл алынган. Бул процесске түзмө -түз катышкандардын айтымында ошол убакта негизги максат - мамлекеттүүлүктүн өнүгүүсүнүн жаңы этабы - көз карандысыз, өз алдынча өлкө катары жолун баштоосу болгон.