Жаңылыктар
9-майда айрым көчөлөр убактылуу жабылат
Кыргызстан жаңылыктары
9-майда айрым көчөлөр убактылуу жабылат

Эртең Улуу Жеңиш күнүнө карата борбор шаарыбызда өткөрүлүүчү "Өлбөс полк" жүрүшүнө байланыштуу эртең мененки саат 8ден 11ге чейин бир катар көчөлөр убактылуу жабылат. 

Алар, Байтик Баатыр көчөсү түндүктү көздөй Аалы Токомбаев көчөсүнөн тартып, Фрунзе көчөсүнө чейинки бөлүгү;-Фрунзе көчөсү күн чыгышты көздөй, Абдрахманов көчөсүнөн тартып, Ибраимов көчөсүнө чейинки бөлүгү; -Кең Чүй көчөсү күн чыгышты көздөй Тоголок Молдо көчөсүнөн тартып, Ибраимов көчөсүнө чейинки бөлүгү. Жогорудагы көчөлөрдөгү жөө жүрүш учурунда, Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо кызматкерлери баардык жол кыймылынын катышуучуларынын коопсуздугун камсыздап беришет!