Жаңылыктар
Бишкекте азербайжандык фармацевтикалык компаниянын жетекчиси жана бухгалтери кармалды
Кыргызстан жаңылыктары
Бишкекте азербайжандык фармацевтикалык компаниянын жетекчиси жана бухгалтери кармалды

Бишкекте азербайжандык фармацевтикалык компаниянын жетекчиси жана бухгалтери кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти. 

Маалыматка ылайык, бул компания Кыргызстандагы дарыканаларга дары-дармектерди дүңүнөн сатып, түшкөн акчаны жашырып, бухгалтердик эсепке алган эмес. Ошондой эле иликтөөнүн жүрүшүндө белгилүү болгондой, компания дарыгерлер менен макулдашып, дарыгерлер бейтаптарга аталган компаниянын дары-дармектерин жазып берип, “пайыздарды” алып турушкан. “Күн мурун ички иштер органдары компаниянын бир нече даректери боюнча тинтүү жүргүзүп, анын жүрүшүндө бухгалтердик жана финансылык документтер, жок кылууга даярдалган тытылган каржылык документтер, мөөрлөр, ноутбуктар, компьютерлер жана дары-дармектер аныкталып алынган”, - деп айтылат билдирүүдө. Кылмыш иши козголуп, “RV” жана “RO” жоопкерчилиги чектелген коомунун 36 жаштагы директору жана 63 жаштагы бухгалтери кармалып, Бишкек шаардык милициясынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту тарабынан айыпталуучуларга карата 1 айлык мөөнөткө камакка алуу түрүндө бөгөт коюу чарасы тандалды. Белгилүү болгондой, аталган компаниянын башкы кеңсеси Азербайжанда жайгашкан. Ошондой эле ал жакта компаниянын бир нече филиалы жана медициналык клиникалары бар. Компания Кыргызстанда 2018-жылдан тарта иштеп келет.