Жаңылыктар
ЖКККББ: Бир аптада 20 миңден ашуун эреже бузуулар аныкталды
Кыргызстан жаңылыктары
ЖКККББ: Бир аптада 20 миңден ашуун эреже бузуулар аныкталды

Кыргызстанда 29-апрелден 5-майга чейин 20 миң 817 жол эрежелерин бузуу фактылары аныкталды. Бул тууралуу ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын билдиришти. 

Жол эрежесин бузуулардын эң көбү - Транспорт каражаттарынын эксплуатациялоо эрежелерин бузуу болгон. Андан кийинки тизмеде белгиленген ылдамдыктан ашыра айдоо турат. Ошондой эле, жөө жүргүнчүлөр катышкан жол эереже бузуулар, тийиштүү дкоументтери жок транспорт каражатын башкаруу, мас абалында унааны айдоо, машинанын терезесин мыйзамсыз караңгылатуу, авто ээнбаштык, жалган мамлекеттик номур менен унаа башкарган бузуулар аныкталган.

Ар кандай жол эрежелерин бузгандыгы үчүн 1 миң 351 авто унаа убактылуу токтотуучу айып короо жайына токтотулган.

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы айдоочулардан жол кыймылынын коопсуздугунун эрежелерин так сактоого чакырат.