Жаңылыктар
Ржев: жоокерлердин эрдиги ар дайым эсте
Кыргызстан жаңылыктары
Ржев: жоокерлердин эрдиги ар дайым эсте

Улуу Ата Мекендик согуштун тарыхындагы эң кандуу кармаштардын бири болгон Ржев салгылашы миллиондон ашык аскердин өмүрүн алган. Мындан тышкары канчалаган жоокер сазда дайынсыз жоголгон. Алардын сөөктөрүн издөө кыймылдары азыр да уланууда. Күн мурда Россияда Президент Садыр Жапаров Ржев-Вяземский багытындагы салгылашууларда курман болгон кыргызстандык жоокерлерге арналып тургузулган мемориалды ачты.