Жаңылыктар
Жеңишинтин 78 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чара Бишкек шаарынын “Жеңиш” аянтында өттү
Кыргызстан жаңылыктары
Жеңишинтин 78 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чара Бишкек шаарынын “Жеңиш” аянтында өттү

Улуу ата мекендик согуштун жеңишинин 78 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чара Бишкек шаарынын “Жеңиш” аянтында өттү. Иш-чара митинг-реквием менен башталды. 

Салтанатка согуштун жана оруктун ардагерлери чакырылган. Расмийлерден Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев, мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов, Коргоо министри Бактыбек Бекболот, Бишкек шаарынын мэри Эмилбек Абдыкадыров катышып, аянттагы өчпөй отко гүл чамбар коюшту. Бишкек шаардык аскердик гарнизонунун жоокерлери, көргөзмөгө коюлган аскердик техникалар, чатырлар, талаа ашканалары даярдалып, аскердик-патриоттук ырлар жаңырды.