Жаңылыктар
Бишкек шаарынын көчөлөрүндө "Өлбөс полк - Кыргызстан" акциясы өттү
Кыргызстан жаңылыктары
Бишкек шаарынын көчөлөрүндө "Өлбөс полк - Кыргызстан" акциясы өттү

Бишкек шаарынын көчөлөрүндө "Өлбөс полк - Кыргызстан" акциясы өттү. Акция саат 9да Түштүк дарбазадан башталып, Абдрахманов - Фрунзе көчөлөрүн басып, Жеңиш аянтына келишти. 

Акцияны "Өлбөс полк - Кыргызстан" кыймылы, Коргоо министрлиги жана Бишкек мэриясы уюштурду. Бул акция 2013-жылдан бери өткөрүлүп келе жатат. Алгач Ош шаарында башталган. 2014-2015-жылдары Бишкекте өтүп, ага үч миң адам катышкан. 2017-жылы 50 миңден ашык киши жүрүшкө чыккан.