Жаңылыктар
Акылбек Жапаров Ошто "Өлбөс полк" жүрүшүнө катышты
Кыргызстан жаңылыктары
Акылбек Жапаров Ошто "Өлбөс полк" жүрүшүнө катышты

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Ош облусуна болгон жумуш сапарынын алкагында Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 78 жылдыгына карата “Өлбөс полктун” митинг-реквиемине жана жүрүшүнө катышты. Акылбек Жапаров, “Өлбөс полк” жүрүшүнүн башында фронттон үч бир туугандын ичинен жалгыз кайтып келген чоң атасынын иниси Токтобай Айдаровдун сүрөтүн көтөрүп басып өттү. 

Ал андан ары Өчпөс отко гүл коюп, Улуу Ата Мекендик согушта курман болгондорду бир мүнөттүк унчукпай туруу менен эскерди. Акылбек Жапаров, Улуу Ата Мекендик согуштун жоокерлеринин эрдигинин жана баатырдыгынын, тылдагы адамдардын күжүрмөн эмгегинин аркасында “биз ачык асман алдында жашоого мүмкүнчүлүк алдык”, - деп белгиледи.

МинКаб көрагасы быйыл Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерине жана тыл эмгекчилерине 100 миң сомдон бир жолку жардам бөлүнөөрүн, мындан тышкары аларга айына 10 миң сомдон өмүр бою президенттик стипендия, 7 миң сом өлчөмүндө компенсация жана 10 миң сомго чейин пенсия берилээрин белгиледи.