Жаңылыктар
Президент АКШнын Мамлекеттик катчысынын орун басары Томас Шэннон менен жолукту
Саясат
Президент АКШнын Мамлекеттик катчысынын  орун басары Томас Шэннон менен жолукту

Президент Алмазбек Атамбаев Америка Кошмо Штаттарынын Мамлекеттик катчысынын саясий маселелер боюнча орун басары Томас Шэннон менен жолугушту. 

Жолугушуу учурунда кыргыз-америка кызматташтыгынын акуталдуу маселелери жана ар тараптуу кызматташуунун келечеги талкууланды. 

Мамлекет башчы менен болгон жолугушууга АКШнын мамлекеттик катчысынын Борбор Азия боюнча жардамчысы Дэн Розенблюм жана АКШнын кыргызстандагы Элчиси Шейла Гуолтни катышты.