Жаңылыктар
Талас: жеңиштин 78-жазы
Кыргызстан жаңылыктары
Талас: жеңиштин 78-жазы

Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 78чи жазы Таласта да белгиленди. Ошол жылдарда кан күйгөн согуш отун кечип, тирүү калган аталар Мекенине кайтып келип, өлкөнү калыбына келтирүүдө чоң эмгек жасашты. Учурда алардын саны азайууда. Аталардын атын өчүрбөө максатында 9-май күнү сүрөттөрүн көтөрүп, урпактары "Өлбөс полктун" катарында облус борборунун кең көчөсүндө жүрүш жасашты.

Талас районундагы Чат-Базар айылынан кан майданда эрдиги менен айырмаланган Советтер Союзунун Баатыры Асанбек Оторбаев чыккан. Кыргыздын эр жүрөк уулунун жеңишке жетелеген эмгеги ар жылы айылдаштары тарабынан ардакталып, салттуу түрдө эскерилип келет.