Жаңылыктар
Улуу Жеңиштин 78 жылдык салтанаты Баткен облусунда да кызуу белгиленди
Кыргызстан жаңылыктары
Улуу Жеңиштин 78 жылдык салтанаты Баткен облусунда да кызуу белгиленди

Улуу Жеңиштин 78 жылдык салтанаты Баткен облусунда да кызуу белгиленди. Алгач согушта курман болгондордун урматына куран окулуп, "Өчпөс от" эстелигине гүл коюу менен башталды.

Ата мекендик согушка Баткен облусунан 20 миңден ашуун жоокер аттанган. Анын 14 миңден ашууну мекенин коргоп жатып кан майдандан кайтпай калган. Согуш талаасында кайтпай калган жоокерлерге арналып, куран окулуп "Өчпөс от" эстелигине гүлчамбарларды коюшуп куран окулуп бата кылынды.
 Улуу Жеңишти Баткен облусунан 6500 жоокер тосуп алган. Бүгүнкү күндө облус аймагында бир да ардагер калган жок. Деген менен көзү өтүп кеткен аталар дагы бүгүнкү өлбөс полк аркылуу парадга катышты. Алардын сүрөттөрүн уул кыздары неберелери жана жакын туугандары көтөрүп чыгышкан.
 Майрамдык салтанаттын кийинки бөлүгү борбордук стадиондо уланды. Жергиликтүү таланттардын концерттик программасы менен коштолду. Аны менен катар облус, район шаардын жетекчилеринин куттуктоо сөздөрү айтылды.
 Улуу Жеңиш күнүнө арналган майрамдык салтанат шаар тургундары учүн да жагымдуу маанай тартуулады. Кан майданда жанын берип бизге тынч, бейпил жашоону тартуулаган аталарга ыраазычылыктарын билдиришти.
 Бүгүнкү күндө облус аймагындагы ооруктун ардегерлерине жылына бир жолку төлөнүчү сый акы берилет. Ал эми пенсияларына 1000 сомдон кошулуп келет.