Жаңылыктар
Улуттук валютага 30 жыл
Кыргызстан жаңылыктары
Улуттук валютага 30 жыл

Бүгүн, 10-май Кыргызстанда сомдун туулган күнү. 1993-жылдын 10-майында эгемендүү Кыргызстандын улуттук акча бирдиги - сом жүгүртүүгө киргизилген. 

Сомдун тарыхында Кыргызстандын улуттук валютасы 4 ирет өзгөрүүгө учурады. 1993-жылы алгачкы банкноттор 1, 10, 50 тыйын жана 1, 5, 20 сом үлгүсүндө чыгарылган.

Булар «өткөөл мезгилдин акчасы» деп аталган. 1994-жылдан баштап II сериядагы 1, 5, 10, 20, 50 жана 100 сомдук банкноттор чыгарылган. Бул сериядагы купюралар жогорку суммага даярдалбаса да мурдагыга караганда сапаттуу коргонуудагы банкнот болгон. 

1997-жылдан 2002-жылга чейин экинчи чыгарылыштагы банкноттор акырындап III сериядагы банкнотторго алмаштырылган. Жаңы купюралар бир топ жогорку коргоо деңгээлине ээ болгон. Жүгүртүүдөгү акчадан тышкары жогорку сандагы – 200, 500 жана 1000 сомдук банкноттор киргизилген. 2009-жылы 5000 номиналындагы банкнот жүгүртүүгө чыгарылып, кийинчерээк калган – 20, 50, 100, 200, 500 жана 1000 сом номиналдары да жаңыланган. Акыркы IV сериядагы банкноттор жогорулатылган жана жаңы коргоо белгилерине, кичирейтилген көлөмгө жана оригиналдуу жасалгага ээ. 

Ошондой эле 1, 10, 50 тыйын жана 1, 3, 5 жана 10 сом номиналындагы монеталар жүгүртүүгө чыгарылган. Эгер 1993-жылы 1 доллар 4 сомго барабар болсо, азыр алмаштыруу курсу болжол менен 87 сомдун тегерегинде.