Жаңылыктар
БШК Ленин шайлоо округунан 32 талапкерди каттады
Кыргызстан жаңылыктары
БШК Ленин шайлоо округунан 32 талапкерди каттады

Борбордук шайлоо комиссиясы №26 бир мандаттуу Ленин шайлоо округунан Жогорку Кеңештин депутатын шайлоого 32 талапкерди каттады.

БШКнын басма сөз кызматынан билдиргендей, талапкер катары катталгандардын 27си эркек, бешөө аял.

Белгилей кетсек, жалпысынан аталган округ боюнча шайлоого катышууга 49 талапкер катышуу ниетин билдирип, бирок анын 11и катышуудан баш тарткан, зарыл документтерди алып келбегендиги үчүн 6 талапкер каттоодон четтетилген. 

28-майда бир мандаттуу Ленин шайлоо округунан Жогорку Кеңештин депутатын шайлоо өтөт.