Жаңылыктар
Бокс: Кыргызстан курамасы дүйнө чемпионатында алгачкы жолу медаль жеңет
Спорт
Бокс: Кыргызстан курамасы дүйнө чемпионатында алгачкы жолу медаль жеңет

Биринчи жолу тарыхта бокс боюнча Кыргызстан улуттук курама командасы чоңдор арасыңдагы Дүйнө чемпионатында медаль жеңет.

Ушул күндөрү бокс боюнча дүйнөлүк мелдеш Ташкент шаарында (Өзбекстан) болуп жатат. Ал жакка башкы машыктыруучу Данияр Төлөгөн уулунун жетекчилигинде 13 спортчу кеткен.

3 кыргызстандык мушкер 10-майда жарым финалдык жолдомо үчүн ат салышууда.

Биринчилерден болуп рингге Нуржигит Дүйшөбаев чыккан (51 кг). 3 раунддун жыйынтыгы менен ал индиялык атаандашына чечим менен тизе бүктү.

57 кг ченде Мунарбек Сейитбек уулу күч сынашты. Ал өз жолун 1/32 финалдан баштап, 3 жеңишти катары менен камсыздап, чейрек финалган аттанган.

Ал эми 1/4 финалда Мунарбек тажикстандык атаандашын 4:1 эсебинде утуп, жарым финалга чыкты. 12-май күнү 1/2 финалдык баскычта кыргызстандык мушкер өзбекстандык атаандаш менен кезигет.

Бул беттеш кандай жыйынтыкка ээ болбосун, Мунарбек Сейитбек уулу дүйнө чемпионатында Кыргызстанга тарыхындагы алгачкы медалын капчыкка салды.

Кечки сессияда рингге чыга турган Санжар Сейдекматов дагы жарым финалдык жолдомо үчүн ат салышат.