Жаңылыктар
Бишкек шаарындагы Таатан базарынын кампасынан өрт чыкты
Кырсык
Бишкек шаарындагы Таатан базарынын кампасынан өрт чыкты

Бишкек шаарындагы Таатан базарынын жанында жайгашкан кампадан өрт чыкты. Кечээ кечки саат 7 лерде башталган тилсиз жоо түнкү саат 11 лерге жакын толук өчүрүлүп бүткөн. 

Базарга улай жайгашкан кампаларда пластик терезе, каалгаларды чыгаруу цехинен тутанган жалын, коңшу кампага да кирген. 

Алдын ала божомолдоолорго ылайык, өрт цехтеги жабдыктарды иштетүүдө, электр жабдыктарын туура эмес колдонуудан келип чыккан. 

Азырынча күйгөн жер 700 чарчы метрди түзөөрү айтылууда. Бактыга жараша адам өмүрүнө зыян келген жок. Учурда иликтөө иштери жүрүп жатат.