Жаңылыктар
УКМК: “Хизбут-Тахрир” ДЭУнун жетекчилери менен байланышы бар адамдарга ынандыруу боюнча түшүндүрүү иштерди жүргүздү
Кыргызстан жаңылыктары
УКМК: “Хизбут-Тахрир” ДЭУнун жетекчилери менен байланышы бар адамдарга ынандыруу боюнча түшүндүрүү иштерди жүргүздү

КР УКМК кызматкерлери тарабынан “Хизбут-Тахрир” ДЭУнун мүчөлөрү С.Х., М.А.М, Г.М.Н жана Н.И.А. карата “ХТИ” ДЭУнун Кыргыз Республикасынын аймагындагы ишмердүүлүгүнө сот тарабынан тыюу салынганын жана бул уюмга катышуу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчиликке тартылаары боюнча алдын алуу, түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.«Хизбут-Тахрир» ДЭУнун мүчөлөрүнүн жашаган жеринде издөө иш-чаралары жүргүзүлүп, СД-диск (10 даана), диний адабияттар, брошюралар («Хизбут-Тахрир» ДЭУ тарабынан чыгарылган), флеш-карталар, планшеттер (2 даана), телефон аппараттары (5 даана) табылып алынып, диний экспертизага жөнөтүлдү.

Азыркы учурда Кыргыз Республикасынын аймагында тыюу салынган диний уюмдардын жана алардын тарапташтарынын ишмердүүлүгүн аныктоо жана бөгөт коюу боюнча иштер уланууда.