Жаңылыктар
Өкмөт Улуттук онкология борборуна 500 миң сом акча бөлдү
Ден соолук
Өкмөт Улуттук онкология борборуна 500 миң сом акча бөлдү

Өкмөт улуттук онкология борборуна 500 миң сом акча бөлдү. Бул каражат гамма-терапевттик «Терабалт» аппаратын оңдотууга жумшалат. 

2008-жылы коюлган аппараттан суткасына 180 бейтап нур аркылуу дарыланып келген. Ушул айда бузулуп калган аппаратты оңдоо үчүн Чехиядан адистер чакырылган. 

Улуттук онкология борборуна вице-премьер-министрдин милдетин аткаруучу Гульмира Кудайбердиева менен КМШнын мамлекеттер аралык гуманитардык кызматташуу фондунун башкармалыгынын тең төрагасы Михаил Швыдко барып, жагдай менен таанышты. 

Швыдко балдардын онкология бөлүмүнө өзү менен кошо ала келген дары-дармектерди берди. Ошондой эле бөбөктөр үчүн оюн-зоок уюштурулду.