Жаңылыктар
13-майында Чолпон-Ата шаарында Issyk-Kul ITF 2023 эл аралык туристтик кѳргѳзмѳ-жарманкеси өтөт
Кыргызстан жаңылыктары
13-майында Чолпон-Ата шаарында Issyk-Kul ITF 2023 эл аралык туристтик кѳргѳзмѳ-жарманкеси өтөт

Ч.Айтматов атындагы “Рух Ордо” маданий борборунда Issyk-Kul ITF 2023 көргөзмө–жарманкесинин катышуучулары туристтик компаниялардын, пансионаттардын, конок үйлөрүнүн жана туризм чөйрөсүндө иш жүргүзгөн уюмдардын товарлары жана кызмат көрсөтүүлөрү менен тааныша алышат, ошондой эле этно оюндарга, кол өнөрчүлөрдүн мастер-класстарына катышып, маданий программаны көрө алышат.

IITF 2023 – бул жыл сайын эл аралык туристтик компаниялардын, туроператорлордун, агенттиктердин, туризмди өнүктүрүү боюнча мамлекеттик түзүмдөрүнүн, авиакомпаниялардын, эл ташуучу компаниялардын, мейманканалардын жана медиа сектордун өкүлдөрүнүн жолугушуучу жери.

Issyk-Kul ITF – 2023 эл аралык көргөзмө-жарманкесинин максаты өлкөнүн туризм чөйрөсүн өнүктүрүү, өлкөлөрдүн туристтик бизнестеринин ортосундагы кызматтык байланыштарды түзүү, туризм дараметин эл аралык рынокто илгерилетүү, эс алуу жана ден-соолукту чыңдоо үчүн чет өлкөлүк туристтерди тартуу, ошондой эле Кыргыз Республикасынын туризм тармагына инвестиция тартууга көмөктөшүү болуп саналат.
Ошондой эле, аталган көргөзмө-жарманкенин алкагында 2023-жылдын жайкы туристтик мезгилинин расмий ачылышына старт берилет.