Жаңылыктар
Азия кубогу: Кыргызстан курама командасы F тайпасында Сауд Арабиясы, Оман жана Тайланд менен беттешет
Спорт
Азия кубогу: Кыргызстан курама командасы F тайпасында Сауд Арабиясы, Оман жана Тайланд менен беттешет

Футбол боюнча Кыргызстан курамасы Азия Кубогу-2023 оюндарында кимдер менен ойной турганы белгилүү болду.
Биздин команда кирген тайпанын курамы төмөнкүдөй:
Сауд Арабиясы
Тайланд
Кыргызстан
Оман
Командалар бири — бири менен бир жолу ойношот, андан ары 16 команда плей-оффтук баскычка чыгат. Мындан ары дагы үчүнчү орунду ээлегендердин арасында эң жакшы жыйынтык көрсөткөн дагы 4 команда плей-оффко жолдомо алат.
Турнир Катарда 2024-жылы 12-январдан 10-февралга чейин өтөт. Кыргызстандын курама командасы Азия Кубогунда өз тарыхында экинчи жолу ойнойт.