Жаңылыктар
Гүлжигит Алыкулов “Кайрат” клубунан кетти
Спорт
Гүлжигит Алыкулов “Кайрат” клубунан кетти

Кыргызстан улуттук курама командасынын жарым коргоочусу Гулжигит Алыкулов “Кайрат” клубунан кетти.

Бул тууралуу алматылык клуб кабарлады.

Алыкулов “Кайраттын” курамына 2020-жылы кошулган. Алматылык клуб менен футболчу Казакстан чемпионатын жана өлкө кубогун уткан. Ошондой эле, УЕФА Конференция лигасынын тайпалык баскычында ойногон.

“Кайраттын” катарында Алыкулов 99 беттеш өткөрүп, 13 гол киргизип, 9 натыйжалуу пас чыгарган.