Жаңылыктар
Кыргызстан курамасы Араб өлкөлөрүнүн кубогуна катышат
Спорт
Кыргызстан курамасы Араб өлкөлөрүнүн кубогуна катышат

Кыргызстандын кум үстүндөгү футбол боюнча улуттук курама командасы Араб өлкөлөрүнүн кубогуна катышат.

Турнир Сауд Аравияда 11-20-май күндөрү 3 тайпага бөлүнгөн 12 команданын катышуусунда өтөт.

Кыргызстандын курама командасы Оман, Палестина жана Египет курамалары менен бирге В тайпасына кирди.

Тайпалык этаптын жыйынтыгы менен чейрек финалга 8 команда чыгат.

А тайпасы: Сауд Аравия, Мавритания, Марокко, Ливан

В тайпасы: Оман, Палестина, Кыргызстан, Египет

С тайпасы: БАЭ, Ливия, Кувейт, Каморы