Жаңылыктар
Азия чемпионаты: Бүгүн, Бекдөөлөт Расулбеков медаль үчүн ат салышат
Спорт
Азия чемпионаты: Бүгүн, Бекдөөлөт Расулбеков медаль үчүн ат салышат

Кыргызстандык оор атлетчи Бекдөөлөт Расулбеков бүгүн, 12-майда Кореяда өтүп жаткан оор атлетика боюнча Азия чемпионатына катышат.

Ал 102 килограммга чейинки салмак категориясында күч сынашат, анда жалпысынан 14 спортчу катталып эки топко бөлүнгөн.

В тайпасындагы 5 спортчунун катышуусундагы мелдештер аяктады. Эң жакшы жыйынтыкты жапониялык Рюноске Мочида менен ирандык Сохраб Моради – (жүлкуп көтөрүүдө – 162 кг жана түртүп көтөрүүдө – 200 кг) көрсөтүштү.

Расулбеков 9 спортчу жарыяланган А тайпасында чыгат. Бишкек убактысы боюнча саат 12:00дө башталат.