Жаңылыктар
Бишкек - Баткен - Бишкек авиакаттамы жанданууда
Кыргызстан жаңылыктары
Бишкек - Баткен - Бишкек авиакаттамы жанданууда

18-майдан тарта Бишкек - Баткен - Бишкек багыты боюнча үзгүлтүксүз авиакаттамдар жанданууда. Бул тууралуу "Манас" аэропортунан билдиришти. 

Маалыматка ылайык, ата мекендик авиакомпания каттамдарды жумасына бир жолу - бейшемби күндөрү аткарат. 

Белгилей кетсек, "Баткен" аэропорту үстүбүздөгү жылдын 1- апрелинен тартып аэродромду оңдоо жана калыбына келтирүү иштерине байланыштуу убактылуу жабылган.