Жаңылыктар
Бишкекте жолдор калыбына келтирилүүдө
Кыргызстан жаңылыктары
Бишкекте жолдор калыбына келтирилүүдө

Бишкекте жолдор калыбына келтирилүүдө. Түтүктөрдү монтаждоодо бузулган көчөлөрдү асфальттоо иштери жүрүп жатат. 

Шаар тургундары менен айдоочуларга ыңгайсыздык жаратпоо жана жол тыгындарын болтурбоо үчүн ремонт иштери кезек-кезек менен жасалууда. 

Биринчи этапта Крассная көчөсүнөн Лев Толстойго чейинки тилкени асфальттоо боюнча жумуштардын 95 пайызы аткарылды. 

Учурда каттамдан унаалар жүрүүдө. Азыр Кочкор көчөсүнөн Гагарин тилкесине чейинки бөлүктө иштер жүрүп жатат. Бул экинчи этап. Андан кийинкиде Лев Толстойдон темир жолго чейин, андан Москва/Фучик көчөсү калыбына келтирилет.