Жаңылыктар
Азия чемпионаты: Оор атлетчи Бекдөөлөт Расулбеков коло медаль тагынды
Спорт
Азия чемпионаты: Оор атлетчи Бекдөөлөт Расулбеков коло медаль тагынды

Кыргызстандык спортчу Бекдөөлөт Расулбеков Кореяда өткөн оор атлетика боюнча Азия чемпионатында кичи коло медаль тагынды.

Ал 12-майда 102 кг ченде күч сынашты. Жалпы бул салмак категориясында 14 спортчу катышкан.

Расулбеков жулкуп көтөрүүдө биринчи аракетинде 164 кг көтөрсө, андан кийин эки жолу 169 кг салмакты көтөрө алган жок. Жыйынтыгында кыргызстандык атлетчи 7-орунду ээледи.

Булкуп көтөрүүдө Расулбеков 208 кг, 214 кг жана 217 кг салмакты алып, 3 ыкманы тең ийгиликтүү аяктады. 217 кг салмактагы акыркы жыйынтык ага түртүп көтөрүүдө 3-орунга жана кичи коло байгеге ээ болууга мүмкүндүк берди.

Эки дисциплинанын жыйынтыгында Расулбеков 381 кг жыйынтык көрсөтүп, 6-орунду ээледи.