Жаңылыктар
Дүйнө чемпионаты: Бүгүн, Мунарбек Сейитбек уулу жарым финалдык беттешин өткөрөт
Спорт
Дүйнө чемпионаты: Бүгүн, Мунарбек Сейитбек уулу жарым финалдык беттешин өткөрөт

Кыргызстандык спортчу Мунарбек Сейитбек уулу бүгүн, 12-майда Өзбекстанда өтүп жаткан бокс боюнча дүйнө чемпионатында жарым финалдык беттешин өткөрөт.

Кыргызстандык мушкер турнирде 57 кг чейинки салмак ченде күч сынашып, жолун 1/32 финалдык баскычтан баштаган. Ал катары менен 4 жеңишке жетип, жарым финалга чыгып, өзбекстандык Абдумалик Халоков менен беттешет.

Бул беттеш Бишкек убактысы боюнча саат 19:00дө башталат.

12-май

19:00 кечки сессия

57 кг

1/2 финал

Абдумалик Халоков (Өзбекстан) - Мунарбек Сейитбек уулу