Жаңылыктар
ИИМ: Республика аймагында “Тоноочу” рейддик иш-чарасы өткөрүлүүдө
Кыргызстан жаңылыктары
ИИМ: Республика аймагында “Тоноочу” рейддик иш-чарасы өткөрүлүүдө

Кылмыштарды жасоо сөзсүз түрдө ыкчам кырдаалдын татаалданышына алып келет жана айрым жарандарга да, бүтүндөй коомго да олуттуу материалдык зыян келтирет. Кылмыштардын ар кандай түрлөрүн алдын алуу, бөгөт коюу жана бетин ачуу максатында ички иштер органдары тарабынан ыкчам алдын алуу иш-чаралары ар дайым жүргүзүлүүдө.Алсак, Ички иштер министрлигинин Негизги уюштуруу иш-чараларынын планына ылайык, 2023-жылдын 11-майынан 12-майына чейин тоноочулукка байланыштуу кылмыштардын алдын алуу, болтурбоо, бөгөт коюу жана бетин ачуу максатында аймактарда «Тоноочу»   рейддик алдын алуу  иш-чаралары өткөрүлүүдө. Буга байланыштуу ыкчам-издөө жана алдын алуу иш-чараларынын планы түзүлүп, күчтөрдүн жана каражаттардын эсеби түзүлдү. Кылмыш жасоого мүмкүн болгон аймактарды тактоо боюнча чаралар көрүлүп, анын ичинде уурдалган буюмдарды, мүлктөрдү сатууга мүмкүн болгон жерлерди тактоо жана башка ушул сыяктуу иштер жүргүзүлүүдө.

Бул рейддик иш-чарага ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын, Бишкек ШИИББдин, милициянын кайгуул кызматы башкармалыгынын кызматкерлери, ошондой эле ички иштер органдарынын башка бөлүмдөрүнүн кызматкерлери катышууда. Кылмыштуулук менен күрөшүү, коомдук тартипти жана  коопсуздукту камсыздоо боюнча комплекстүү уюштуруу  иш-чаралар жүргүзүлүүдө. Алдын алуу иш-чарасын уюштуруу Ички иштер министрлигинин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгына жүктөлгөн.