Жаңылыктар
Көп кабаттуу имараттар текшерилет
Кыргызстан жаңылыктары
Көп кабаттуу имараттар текшерилет

Кыргызстанда көп кабаттуу имараттардын сапаты, сейсмологиялык жактан туруктуулугу текшерилет. Бул үчүн атайын мекемелер аралык жумушчу комиссия түзүлдү. Чечимге министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койду. Документ Түркиядагы жер титирөөлөр, ошондой эле дүйнөдөгү континенттик плиталардын жылышын эске алуу менен кабыл алынды. Адистердин маалыматы боюнча, Кыргызстандын аймагында айрым процесстер жана кубулуштар активдешүүсү мүмкүн. Мекемелер аралык комиссияга үч айлык мөөнөттө өлкө аймагындагы көп кабаттуу курулуштардын жер титирөөгө туруктуулугун текшерүү жана анын жыйынтыгы боюнча Министрлер Кабинетине маалымат берүү тапшырылды.