Жаңылыктар
Ишканалар аймактын өнүгүүсүн камсыздайт
Кыргызстан жаңылыктары
Ишканалар аймактын өнүгүүсүн камсыздайт

Кыргызстанда жеңил жана коммерциялык унаалар чыга баштайт. Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров Чүйдүн Ак-Суу айылында унааларды жана коммерциялык техникаларды кураштыруу жана чыгаруу боюнча жаңы заводдун пайдубалын түптөөгө катышты. Долбоорду Кыргызстанда ишке ашыруу республиканын автомобиль өнөр жайын өнүктүрүүгө түрткү берет жана ички дүң өнүмдөгү өнөр жайдын үлүшүн көбөйтүүгө, автопаркты жаңылоого, 2 миңден ашык жаңы жумуш орундарын түзүүгө мүмкүн болот.