Жаңылыктар
Таштандыны кайра иштетүүчү жай ачылды
Кыргызстан жаңылыктары
Таштандыны кайра иштетүүчү жай ачылды

Туризм тармагы жанданган Ак-Суу районундагы Жыргалаң айылында таштандыны кайра иштетүүчү пункт ачылды. Мында желим бөтөлкөлөрдү, баштыктарды, айнек жана макулатура кабыл алынып, атайын жабдыкта иштетилет. Андан соң, ушул эле чөлкөмдөгү Теплоключенка айылындагы желим иштеткен ишканага жөнөтүлөт. Буга чейин Жыргалаң өрөөнүндө таштандыларды чогултуу полигону жок, чоң көйгөй жаралып, жылына 10го жакын жүк ташуучу унаа менен таштандылар чыгарылып турган.