Жаңылыктар
Токтогул районунда 100 миң сомдон алгандар жумасына 10 миң сомго чейин киреше таап жатышат
Кыргызстан жаңылыктары
Токтогул районунда 100 миң сомдон алгандар жумасына 10 миң сомго чейин киреше таап жатышат

Былтыр, 2022-жылы Токтогул району боюнча 50 квота берилип, азыркы күндө өз иштерин баштап киреше таап жатышат. 2022-жылы 22- мал чарбачылык 15- тигүүчүлүк, 3 бал челек, 2-кондитер азыктарын жасоо. 2-соода сатык жүргүзүү. 1- унаа ондоочу жай ачуу, 1-чач тарач, 1-ашкана ачуу. 1-такси кызматы, 1-жыгач устакана ачылды. Булардын ичинен жумасына 1000-10000 сомго чейин киреше алган үй-бүлөлөр бар.2023-жылга 300 квота берилсе, 2023-жылдын 1-майына карата 200 үй-бүлөнүн бизнес долбоору колдоого ээ болгон. Анын ичинде: мал чарбачылык, тигүүчүлүк, автоунаа ондоочу жай, бал аарычылык, курут жасоо, канаттууларды багуу, дыйканчылык, кожогат өстүрүү, электр тегирмен иштетүү, темир устакана, кондитердик цех, биогумус багуу жана башка.


Токтогул райондук мамлекеттик администрация башчысы- Акылбек Тюкебаев, орун басары А.Нават кызы жана Эмгек жана социалдык камсыздоо  башкармалыгынын жетекчилиги жана айыл өкмөттөрү менен бирдикте текшерүү жүргүзүлүп жатат.Графиктин негизинде бардык айыл өкмөттөрүнүн социалдык жардам алган үй бүлөлөрдүн жүргүзүп жаткан ишмердүүлүгү көзөмөлгө алынып жатат.