Жаңылыктар
Түркияда президенттик шайлоо кайра өтөбү?
Кыргызстан жаңылыктары
Түркияда президенттик шайлоо кайра өтөбү?

Кечээ Түркияда президенттик шайлоо өттү. Ага учурдагы президент Реджеп Тайып Эрдоган, оппозиция сунуштаган Кемаль Кылычдароглу, «Альянс АТА» партиялык блогунан Синан Оган ат салышты.

Бюллетендердин 96,67 пайызы саналгандан кийин Эрдоган 50 пайызга жетпеген добушка ээ болду.

Түрк басылмаларынын маалыматы боюнча, Эрдоган 49,35 пайыз добушка ээ болду. Кылычдароглу 44,98 пайыз менен экинчи, Оган 5,24 пайыз менен үчүнчү орунда келе жатат. Анда белгиленгендей, мындай жыйынтык менен Түркияда президенттик шайлоонун экинчи айлампасы эки жумадан кийин - 28-майда өтөт.