Жаңылыктар
Кыргызстанда жумушсуздардын саны кыскарууда
Кыргызстан жаңылыктары
Кыргызстанда жумушсуздардын саны кыскарууда

2023-жылдын төрт айынын жыйынтыгы боюнча өлкөдө жумшсуздардын саны эки жарым пайызга кыскарды. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен билдиришти. 

Былтыр ушул эле учурда жумушсуздуктун деңгээли 0,5%га кыскарган. Чакан бизнес ачууга 100 миң сом берүү, "Эмгек үчүн тамак-аш/акча" долбоорлорун ишке ашыруу жана эмгек рыногунда суроо-талапка ээ кесиптерге окутуу долбоорлору өз жемишин берүүдө. 

Натыйжада республикадагы расмий жумушсуздуктун деңгээли экономикалык активдүү калктын 2,9%ын түздү. Жумушсуздуктун эң төмөнкү деңгээли Бишкек шаарында жана Чүй облусунда катталган.