Жаңылыктар
Социалдык министрилик эмгек мигранттарына 8,5 миллион сомду кайтарып берди
Кыргызстан жаңылыктары
Социалдык министрилик эмгек мигранттарына 8,5 миллион сомду кайтарып берди

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин Москвадагы өкүлчүлүгү мигранттардын 8,5 миллион сомдук эмгек акысын өндүрүп берди.

Өкүлчүлүк тарабынан январдан апрелге чейин 2 миң 788 кыргызстандыкка миграция маселелери боюнча кеп-кеңештер берилген. 172 кайрылуу иш берүүчүлөрдүн эмгек акы төлөбөй жатканы боюнча түшкөн.

Өкүлчүлүктүн кызматкерлеринин жардамы менен 99 жаранга 8,5 миллион сом маянасы өндүрүлдү. Ошондой эле алар иштеп жатып жаракат алган эки кыргызстандыкка 1 миллион 50 миң рубль өлчөмүндө компенсация төлөтүп берүүгө жетишти".

Россиялык иш берүүчүлөр менен сүйлөшүүлөрдүн алкагында Кыргызстандын жарандары үчүн 1 235 бош орун аныкталган. Белгилей кетсек, министрликтин өкүлчүлүгү 2022-жылдын күз мезгилинен бери иштеп жатат. Ал Россиядагы иш берүүчүлөр менен байланыш түзүү, жумушка орноштуруу жана келишим түзүүгө жардам берет. Ошондой эле мекендештер миграция маселелери боюнча кеңештерди ала алышат.