Жаңылыктар
Күйүүчү май рыногундагы коррупциялык схема
Кыргызстан жаңылыктары
Күйүүчү май рыногундагы коррупциялык схема

Күйүүчү-майлоочу материалдарды мыйзамсыз жүгүрткөндөрдү коргоп жардам кылгандыгы үчүн салык кызматкерлери кармалды. 

Мамлекеттик салык кызматынын ЕАЭБдеги сооданын алкагында эсепке алынбаган товарлар менен иштөө башкармалыгынын башчысы, ошондой эле Ош жана Жалал-Абад облустары боюнча эсепке алынбаган товарлар жана товарларга байкоо жүргүзүү бөлүмүнүн башчысы жеке баюу максатында узак убакыт бою кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып, республиканын аймагына күйүүчү майды мыйзамсыз ташып келүүчү жана сатуучу айрым ишкердик субъекттерге өзгөчө ири өлчөмдө салык төлөөдөн качууга көмөктөшүшкөн. 

Муну менен катар түндүктөгү аймактардан түштүк облустарына товарлардын ички өтүү шылтоосу менен жеке фирмалар салык органдарында эсепке алынбаган күйүүчү-майлоочу майларды сатуу менен алектенишкен. Ошол эле учурда аларга Мамлекеттик салык кызматынын «Сосновка» жана «Каракөл» көзөмөл-өткөрүү пункттары аркылуу тоскоолдуксуз өтүү камсыздалган. 

Бул коррупциялык схемага колдоо көрсөткөндүгү үчүн Мамлекеттик салык кызматынын аталган кызматкерлери күйүүчү-майлоочу майдын ар бир литри үчүн 1 сомдон алып турушканы аныкталган. 

Мындан тышкары салык кызматынын Панфилов районундагы башкармалыгынын өзгөчө режим бөлүмүнүн башчысы жана Жайыл району боюнча башкармалыгынын улук инспектору электрондук товар-транспорттук баракчаларга жасалмаштамптарды чаптап, түштүк аймактарга күйүүчү-майлоочу майларды жөнөтүү жана сатуу үчүн атайын пломбаларды тапшырышкан. Бул кызмат үчүн Мамлекеттик салык кызматынын кызматкерлери ар биринен 5 миң сомдон алганы аныкталган. 

Учурда бул коррупциялык схемага тиешеси бар башка мамлекеттик кызматкерлерди аныктоого багытталган тергөө амалдары жүрүп жатат, ошондой эле мамлекетке келтирилген зыяндын ордун толтуруу максатында күйүүчү-майлоочу материалдарды мыйзамсыз алып келген, сактаган жана контрабандалык жол менен ташып келген фирмаларга салыктык текшерүүлөр жүргүзүлүүдө.