Жаңылыктар
Садыр Жапаров Кытайга мамлекеттик иш сапар менен барат
Кыргызстан жаңылыктары
Садыр Жапаров Кытайга мамлекеттик иш сапар менен барат

Кытай лидери Си Цзиньпин Кыргызстандын, Казакстандын, Өзбекстандын, Тажикстандын президенттерин 16-20-майда мамлекеттик сапар менен келип кетүүгө чакырды. 

Бул тууралуу Кытайдын Тышкы иштер министрлиги билдирди. 18-19-майда Сианда Си Цзиньпиндин жетекчилиги менен "Кытай - Борбордук Азия" саммити өтөрүн кабарлады. Жогоруда аты аталган мамлекеттердин башчыларынан сырткары иш-чарага Түркмөнстандын президентинин катышуусу да күтүлүп жатат.

 Буга чейин Садыр Жапаровдун май айында мамлекеттик сапар менен Кытайга барары айтылган. Бул тууралуу Кытайдын, Кыргызстандын Тышкы иштер министрлеринин жолугушуусунда белгилүү болгон.