Жаңылыктар
Геннадий Базаров эскерилди
Кыргызстан жаңылыктары
Геннадий Базаров эскерилди

Кыргыз Республикасынын эл артисти, искусствосуна эмгек сиңирген ишмер, автордук кыргыз киносунун негиздөөчүлөрүнүн бири, режиссёр жана сценарист Геннадий Базаров эскерилди. 

Жакын санаалаштары, кесиптештери анын жаркын элесине арнап куран окушту. Ал 1942-жылы 14-майда Нарындын Ат-Башы районунда жарык дүйнөгө келген. Эмгек жолун 1959-жылы "Кыргызфильм" киностудиясында баштаган. Эң биринчи эмгеги "Саманчынын жолу" тасмасын 23 жашында тарткан. 

Геннадий Базаровдун ысымы кыргызстандыктарга гана эмес көптөгөн өлкөлөрдүн көрүүчүлөрүнүн сүймөнчүлүгүнө ээ. Геннадий Базаров II даражадагы мамлекеттик “Манас” ордени менен сыйланган.