Жаңылыктар
Кыргызстанда жогорку технологиялуу жүрөк-кан тамыр кластери иштелип чыгат
Кыргызстан жаңылыктары
Кыргызстанда жогорку технологиялуу жүрөк-кан тамыр кластери иштелип чыгат

Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров академик М. Миррахимов атындагы Улуттук кардиология жана терапия борборунда болуп, жогорку технологиялуу жүрөк-кан тамыр кластерин түзүү планы менен таанышты. 

Анда адистер каза болгондордун 52%дан ашууну жүрөк-кан тамыр ооруларынан улам болорун айтышты. Саламаттыкт сактоо министри Гүлнара Баатырова жүрөк-кан тамыр ооруларын алдын алуунун алкагында "Шашылыш кардиология" программасы кабыл алынганын, ага ылайык, 5 жылдын ичинде бул оорудан каза болгондордун санын 25%га кыскартуу мүмкүнчүлүгү пландалганын билдирди. 

Жогорку технологиялуу жүрөк-кан тамыр кластерин түзүү үчүн инвесторлордун консорциуму тартылган, ал эми инвестициялардын болжолдуу баасы 4,5 млн АКШ долларын түзөт. Кластердин ишке кириши менен Улуттук кардиология борборунда жүрөккө уникалдуу операцияны жасоого, жүрөк-кан тамыр ооруларын жана инсультту дарылоого мүмкүнчүлүк түзүлөт. 

Акылбек Жапаров адистерди даярдоого өзгөчө көңүл буруу керектигин белгилеп, жаңы жогорку технологиялуу жабдуулар менен иштей турган ар бир медицина кызматкери тиешелүү билимге ээ болушу керектигин кошумчалады. 

Саламаттыкты сактоо министри кызматташуу жөнүндөгү макулдашууну талкуулоо үчүн жакынкы аралыкта инвесторлордун келиши күтүлүп жатканын билдирди.