Жаңылыктар
Дүйнө чемпионаты: Мунарбек Сейитбек уулу 3-орун үчүн 50 миң доллар акчалай сыйлык алат
Спорт
Дүйнө чемпионаты: Мунарбек Сейитбек уулу 3-орун үчүн 50 миң доллар акчалай сыйлык алат

Бокс боюнча 2023-жылкы Дүйнө чемпионатынын жеңүүчүлөрү жана байге ээлери ала турган акчалай сыйлыктын көлөмү белгилүү болду.

Турнир 1-14-май күндөрү Ташкентте (Өзбекстан) өттү. Кыргызстандын тарыхында биринчи жолу Мунарбек Сейитбек уулу коло медаль тагынды.

2023-жылкы дүйнөлүк чемпионаттын жеңүүчүлөрү 200 миң доллардан, финалга чыккандар 100 миң доллардан алышат.

Сейитбек уулу 3-орун жана коло үчүн 50 миң доллар алат.