Жаңылыктар
Баткен: банктар жабыр тарткан ишкерлердин насыясын кечти
Кыргызстан жаңылыктары
Баткен: банктар жабыр тарткан ишкерлердин насыясын кечти

Тажик тараптын куралдуу кол салуусунан улам жабыр тарткан ишкерлердин 36,4 миллион сомдук насыясын банктар кечти. Бул тууралуу Улуттук банктан билдирди. 

2023-жылдын 30-апрелине карата финансы-кредиттик уюмдарга насыясы бар 514 ишкер кайрылган. Алардын 36,4 миллион сомго 378 кредити эсептен чыгарылган жана 324,3 миллион сомго 230 кредит реструктуризацияланган. 

Эскерте кетсек, 2022-жылдын сентябрь айында тажик тарап эгемендүү Кыргызстандын Баткен облусундагы, Ош облусунун Чоң-Алай районундагы чек ара заставаларына, калктуу конуштарга куралдуу кол салган. Анын кесепетинен 63 адам каза болгон. Алардын арасында аскер адамдары, жай тургундар жана балдар бар.