Жаңылыктар
Royal Beach жайгашкан 8,19 гектар жер тилкеси менчикке мыйзамсыз түрдө өткөрүлүп берилген
Кыргызстан жаңылыктары
Royal Beach жайгашкан 8,19 гектар жер тилкеси менчикке мыйзамсыз түрдө өткөрүлүп берилген

Ысык-Көл облусунун Чок-Тал айылында жайгашкан “Рояль бич” мейманканасынын аймагындагы 8,19 гектар жер тилкеси жеке менчикке мыйзамсыз түрдө өткөрүлүп берилген. 

Тиешелүү чечим 2015-жылы Ысык-Көл райондук соту тарабынан чыгарылган. Тагыраагы, Мамлекеттик каттоо кызматынын каттоо делосунда Ысык-Көл райондук сотунун токтому менен менчикке берилген жер тилкелеринин аянтында олуттуу айырмачылыктар бар, башкача айтканда, сот иш боюнча материалдык пайда алуу максатында ар кандай өлчөмдөгү жер аянттары менен эки мыйзамсыз чечим кабыл алган. 

Ысык-Көл облусунун сот органдарынын мыйзамсыз аракеттеринин натыйжасында мамлекетке 42 миллион сомдон ашык зыян келтирилген. Тергөөгө чейинки текшерүүнүн алкагында ыкчам-иликтөө иш-чаралары улантылууда.