Жаңылыктар
Президент Садыр Жапаров Кытайга мамлекеттик сапар менен барат
Кыргызстан жаңылыктары
Президент Садыр Жапаров Кытайга мамлекеттик сапар менен барат

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров 18-20-майда Кытай Эл Республикасына мамлекеттик сапар менен барат. Ошондой эле Мамлекет башчысы сапардын алкагында  «Кытай-Борбор Азия» саммитинин ишине катышат.Бул тууралуу  Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев билдирди.

«Алдыдагы сапардын алкагында КЭРдин Төрагасы Си Цзиньпин менен эки тараптуу сүйлөшүүлөр пландаштырылууда. Эки өлкөнүн лидерлери эки тараптуу жана көп тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелери боюнча кызматташтыкты тереңдетүү жана кеңейтүү маселелерин талкуулашат.

Ошондой эле Президент Садыр Жапаровдун Кытай Эл Республикасынын Мамлекеттик кеңешинин Премьери Ли Цян, Кытай Элдик Саясий консультациялык кеңешинин Бүткүл Кытай комитетинин төрагасы Ван Хунин жана КЭРдин башка расмий өкүлдөрү жана бизнес чөйрөлөрү менен жолугушуулары пландалууда”, -  деп билдирди Муратбек Азымбакиев.