Жаңылыктар
Казакстан кыргыз-казак чек арасындагы фитосанитардык көзөмөлдү алды
Чек ара
Казакстан кыргыз-казак чек арасындагы фитосанитардык көзөмөлдү алды

Казакстан кыргыз-казак чек арасындагы фитосанитардык көзөмөлдү алды. Мындай маалыматты Коомдук биринчи каналга ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча инспекциянын маалымат бөлүмү билдирди. 

Эскерте кетсек, чек арадагы фитосанитардык көзөмөл бөлүмдөрү Кыргызстан ЕАЭБге мүчө болору менен эле алынышы керек болчу. 

4-октябрда Евразиялык экономикалык комиссия казак өкмөтүнө фитосанитардык көзөмөл бекеттерин алуу маселесин 10 күндүн ичинде карап чыгууну сунуштаган. 

Эгер коңшулар фитосанитардык көзөмөлдү албаса, бул маселе Минскиде өтүп жаткан Евразия экономикалык биримдигине мүчө өлкөлөрдүн өкмөт башчыларынын жыйынында көтөрүлөрү айтылган.